Алай районунун Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү

Алай районунун
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү

Алай районунун Үч-Дөбө- Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү кенже муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү Мыйзамы, КР Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгынын   ” Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервние киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү үчүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык, кенже топтогу Үч-Дөбө -Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ички кадрлар резервине киргизүү үчүн , анын ичинде мал чарбачылыгы боюнча адиси ваканттык бош кызмат ордуна кадрлар резервине  ачык конкурс жарыялайт.

Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт:

  • мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талаптарга ылайык конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттигинде талапкерлерди компьютердик тестирлөө;
  • Маектешүү;
  • Жогоруда аталган мамлекеттик кенже топтогу кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
  • жогорку билимдүү;
  • мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;
  • иш стажына талап коюлбайт;
  • персоналдык компьютерде иштей билүүсү (Word, Excel).

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, ветеринария тармагында.

Кесиптик компетенттүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

Жалпы Мыйзамдарды билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

Предметтик мыйзамдарды билүү:
1.КРнын “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамы 30-декабрь 2014-жыл №175;
2.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРнын Мыйзамы;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына арыз;
2. Паспорттун көчүрмөсү;
3. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
4. Дипломдун көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган);
5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган);

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына ички кадрлар резервине кирүү үчүн жарыя берилгенден кийин 10 календардык күндүн ичинде документтер Үч-Дөбө -Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратында, башчынын орун басары, жооптуу катчынын кабинетинде кабыл алынат.

Конкурска катышуу үчүн документтерди 2025-жылдын 23-июлунан 4-августуна чейин саат 17:00гө чейин тапшыруу зарыл.

Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген конкурсанттар сынакка чакырылат. Тапшырылган документтер кайтарылбайт.

Байланыш телефондору: 0222-81-81-72 жана 0772-72-34-34;

 

Scroll to Top