Айыл өкмөтүнүн тарыхы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын, 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгынын жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен, 2024-жылдын март айында Үч-Төбө айыл өкмөтү жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү бириктирилип, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү катары кайра түзүлгөн.
📍 Административдик-географиялык өзгөчөлүктөрү:
- Жайгашкан жери: Ош облусунун түштүк бөлүгүндө, Алай районунун түштүк тарабында.
- Айылдардын саны: 13 калктуу конуш
- Калкы: Жалпы калк саны – 18 465 адам
- Жалпы аянты: 93 588 км²
- Деңиз деңгээлинен бийиктиги: 2 100 – 2 850 метр
- Темир жол станциясына чейинки аралык: 120 чакырым
- Аэропортко чейинки аралык: 140 чакырым
Бул кайра түзүү – мамлекеттик реформалардын алкагында жергиликтүү башкарууну натыйжалуураак кылууга жана элге көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртууга багытталган маанилүү кадам.